БИШКЕКТЕ ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО КОНКУРСУ 30-АВГУСТТА ӨТӨТ

  • 26.08.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта, жумуш убактысы бүтөрү менен аяктайт. Талапкерлер арасындагы таймаш Бишкек шаарындагы 62 бош орун үчүн жүрмөкчү.

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен, Жалал-Абал, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жарыяланган конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү аныкталып, тизмеси бекитилди.

Директорлордун орду бош калган  мектептердин тизмеси аныкталып, ваканттык орундарга кайрадан конкурстук тандоо өткөрүлмөкчү.

Конкурс өтө турган күндөр тууралуу кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер