БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 26.02.2020
  • 0

27-февралда Бишкек мамлекеттик университетинде  Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясы санариптештирүү шартында билим берүү сапатын жогорулатуу маселелери боюнча форуму өткөрөт.

Иш-чарага тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, билим берүүнү башкаруу уюмдарынын, илим жана билим берүү ишмерлеринин, жождордун ректорлорунун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Форумдун алкагында билим берүүнү өнүктүрүүдө ааламдашуу жана санариптештирүүгө арналган актуалдуу маселелер; инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери каралат.

Бөлүшүү

Комментарийлер