Бишкекте автобустун айдоочусу үч адамды сүзүп, бирөө каза болду
- 25.10.2023
- 0
Бишкекте автобустун айдоочусу үч адамды сүзүп, бирөө каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 24-октябрда саат 14:30 чамасында болгон. Анда №48-маршруттук каттамда жүргөн ZHONGNONG үлгүсүндөгү автобус менен Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жөө өтмөктөн эки адамды сузүп алган жана автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр дагы кулаган.
Натыйжада 84 жаштагы киши окуя болгон жерден өзүнө келбестен каза болгон. Дагы 48 жаштагы жарандын баш мээси чайкалып, башынан жаракат алып Улуттук ооруканага жаткырылган. Ал эми автобустун ичиндеги 26 жаштагы жаран дагы ооруканага кайрылган.
Учурда автобус унаасы айып аянтына токтотулуп, тийиштүү экспертизалары дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.
Комментарийлер