БИШКЕКТЕ АЛЬ-ФАРАБИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

  • 27.05.2022
  • 0

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин филиалы ачылды.

БИШКЕКТЕ АЛЬ-ФАРАБИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

Ага кошумча эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери тарабынан ЖОЖдордо квоталарды көбөйтүү боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык, Казакстан кыргызстандык студенттер үчүн 50 орун, Кыргызстан казакстандык студенттер үчүн 10 орун бөлүп бермей болду.

БИШКЕКТЕ АЛЬ-ФАРАБИ УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

Эске сала кетсек, буга чейин эки боордош өлкөдө студенттер үчүн 5тен гана квота бөлүнүп келген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер