БИШКЕКТЕ 2-6-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ МЕКТЕПКЕ БАРЫШПАЙТ

  • 06.10.2020
  • 0

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте 2-6-класстар үчүн окуу процессин жандантуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 6-октябрынан тартып менчигинин түрүнө жана формасына карабастан, Кыргызстандагы мектептердин 2-6-класстарынын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарган.

Буга чейин Бишкек шаарынын саниэпидкөзөмөл борбору тарабынан мэрияга шаардагы мектептерди 2-6-класстардын окуучулары үчүн ачпай туруу сунушталган.

Шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгы медиктердин сунуштамасын эске алып, окуу процессин жандантууну белгисиз мөөнөткө жылдырды. Мектептерди ачуу эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.

Бирок 1-класстын окуучулары мектепте билим алууну уланта бермекчи.

Бишкекте сентябрдын аягына карата 2827 бала курч респиратордук вирустук инфекциясы менен катталган, алардын ичинен 14 жашка чейинки 1689 бала, 15-17 жашка чейинки 106 бала ооруп жатат. Мындан тышкары, 14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 инфекциясынын 8 учуру катталган. Алардын баары Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык дарыланып жатышат.

Мэриядан билдиришкендей, мектептердин имараттары жана айлана-тегереги дезинфекциядан өттү. Ар бир мектеп жетекчиси окуу процессин жандандырууда коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми менен таанышты.

Алгоритмге ылайык, ар бир мектептин кире беришине санитайзер орнотулган, бет кап режими сакталып, ар бир мугалим жана класс жетекчи классты желдетип, балдардын ден соолугу боюнча журнал түзөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына боюнча, эгерде курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган окуучулардын саны 20%дан ашса, анда окуу процесси токтотулушу керек.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер