БИШКЕК ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНА ТАЖРЫЙБАЛУУ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 25.06.2020
  • 0

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчылыгына билим берүү системасын түп-тамырынан жакшы түшүнгөн Иманалиева Эльмира Сансызбаевна дайындалды. Ал 2005-2008-жылдары бул тармакты жетектеп келген болчу.

БИШКЕК ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНА ТАЖРЫЙБАЛУУ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Иманалиева Эльмира Сансызбаевна Бишкек шаарында 1965-жылы 22-октябрында туулган.

Жогорку билимдүү. Ал 1983-1988-жж. Ломоносов атындагы МГУнун философия факультетин бүтүргөн. Адистиги боюнча саясат таануу мугалими.

Э.Иманалиева 2010-2011-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчылык кызматын аркалаган. 2008-2010-жж. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри, 2005-2008-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги, КРнын Билим берүү министринин орун басары. 2005-ж. Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин раймамадминисрациясынын башчысынын орун басары. 2003-2005-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райадминистрациясынын башчысынын орун басары. 2001-2003-жж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү борборунун директору болуп иштеген. Ошондой эле 1999-2001-жж. КР Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясат боюнча мамкомиссиянын бөлүм башчысы. 1997-1999-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши Эл өкүлдөр жыйынынын Социалдык маселелер боюнча комитетинин эксперти. 1993-1999-жж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1988-1990-жж. ал КМУУнун окутуучусу болуп эмгектенген.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер