БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ОШМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 13.09.2021
  • 0

Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошов баштаган делегация ОшМУда болду. Коноктор алгач ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, университтин ийгиликтери, аткарып жаткан иштери, алдыга койгон пландары менен таанышып,  кызматташтыктар боюнча пикир алышты.

Биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, окутуучулардын жумушчу сапарларын, студенттердин арасында академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын конок  лекцияларын, кесиптик деңгээлди жогорулатуу курстарын уюштуруу, ошондой эле илимий, маданий, спорт  жана социалдык чөйрөдө кызматташуу багытында мемарандумга кол коюшту.

Делегация Медицина, Эл аралык медицина, Медициналык клиникалары жайгашкан ОшМУнун Ак-Буура кампусу, Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Кыргыз-Кытай, искусттво факультеттеринде билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ошондой эле санарип университет багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу презентацияга күбө болушту.

55 жылдык тарыхы бар  Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарда окутуу, дене тарбия, чет тили, технология адистиктери боюнча мыкты адистерди даярдап келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер