Бишкек менен Кытай мектеби ортосунда меморандум түзүлдү

  • 25.09.2023
  • 0

Бишкек менен Кытай мектеби ортосунда меморандум түзүлдү

Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясынын окуу комплекси менен Кытайдын Циндао шаарындагы Синьхайванлу башталгыч мектеби кызматташат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол коюуу иш-чарасы онлайн форматта өттү. Ага борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева, билим берүү жана мектептердин бөлүм жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кытай Эл Республикасынын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Келишимге мектеп директорлору Чолпон Жунушева жана Синьхайванлу мектебинин жетекчиси Чжан Ян кол коюшту.

«Макулдашуунун максаты жаш муундарга билим берүү жана тарбиялоо боюнча билим берүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууда кызматташуу. Ошондой эле билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу, тилдик байланышты өркүндөтүү жана өнүктүрүү, руханий-адептик тарбиялоо жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мындай кызматташуу маалыматтык илимий-билим берүү чөйрөсүн жана өнөктөштүктү калыптандыруу боюнча жаңы идеяларды биргелешип иштеп чыгууда, Бишкек жана Циндао мектептеринин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда башаты болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер