БИШКЕК: БИР КАТАР КӨЧӨЛӨРДҮН АТАЛЫШТАРЫ ӨЗГӨРДҮ

  • 27.08.2026
  • 0

Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2026-жылдын 31-майындагы №89 «Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алынган.

БИШКЕК: БИР КАТАР КӨЧӨЛӨРДҮН АТАЛЫШТАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Кабыл алынган чечимге ылайык, бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталыштарга бириктирилди:

* Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан Баатыр проспектилери — Чүй проспектиси;

* 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү — Курманжан Датка көчөсү;

* Жайыл Баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилери, Кайыков көчөсү — Аалы Токомбаев проспектиси;

* Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү — Абсамат Масалиев көчөсү;

* Лев Толстой, Путепроводная жана Сары-Өзөн көчөлөрү — Шабдан Баатыр көчөсү;

* Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Манас көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектиси;

* Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү — Иманалы Айдарбеков көчөсү;

* Селекционная жана Муромская көчөлөрү — Махатма Ганди көчөсү;

* Юлиус Фучик көчөсү жана Васильевский тракты — Манас көчөсү;

* Жибек Жолу жана Жеңиш проспектилери — Жибек Жолу проспектиси;

* Максим Горький жана Анкара көчөлөрү — Анкара көчөсү;

* Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрү — Карыбек Тыналиев көчөсү;

* Байтик Баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрү — Жусуп Абдрахманов көчөсү;

* Береговая, Окраинная, Көк-Сай, К. Курманалиев жана Набережная көчөлөрү — Дэн Сяопин көчөсү;

* Исхак Раззаков көчөсү (Новопавловка) жана Асипа Темирова көчөсү — Анварбек Чортеков көчөсү;

* Виноградная көчөсү — Лев Толстой көчөсү;

* Николай Гоголь көчөсү (Новопавловка) — Чалагыз Иманкулов көчөсү;

* Ленская жана Юбилейная көчөлөрү — Жайыл Баатыр көчөсү.

Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалы бекитилген көчө аталыштарына ылайык даректик номерлерди өзгөртүү иштерин аяктап жатат.

Эми көчөлөрдүн аталышын жаттап алалы!

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер