БИШКЕК: № 71 МЕКТЕПТЕ ЗАЛКАР ДРАМАТУРГ БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 30.10.2026

Тоголок Молдо атындагы № 71 жалпы билим берүү мектебинде кыргыздын залкар драматургу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чара жана ачык сабактар болуп өттү. БИШКЕК: № 71 МЕКТЕПТЕ ЗАЛКАР ДРАМАТУРГ БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Эскерүү күнүнүн алкагында окуучулар жазуучунун бай чыгармачылык мурасы, өмүр жолу, кыргыз адабиятынын жана улуттук маданияттын өнүгүшүнө кошкон зор салымы менен жакындан таанышышты. БИШКЕК: № 71 МЕКТЕПТЕ ЗАЛКАР ДРАМАТУРГ БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Салтанаттуу жыйында драматургдун калемине таандык чыгармалардын негизинде даярдалган театрлаштырылган көрүнүштөргө өзгөчө басым жасалды. Мектеп окуучулары каармандардын образдарын сахналаштырып, өздөрүнүн артисттик чеберчилигин жана театр искусствосуна болгон кызыгуусун көрсөтүштү.

Ошондой эле уюштурулган ачык сабактарда Б. Жакиевдин чыгармаларынын кыргыз адабиятындагы орду, элдин руханий өнүгүшүнө кошкон таасири жана анын мурастарынын жаш муунду тарбиялоодогу баалуулугу кеңири талкууланды. БИШКЕК: № 71 МЕКТЕПТЕ ЗАЛКАР ДРАМАТУРГ БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Мындай усулдук жана маданий иш-чаралар окуучулардын улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдикке жана көрүнүктүү инсандарды урматтоого тарбиялоодо зор мааниге ээ.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү