«БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕГИ» АЛТЫНАЙ

  • 16.06.2020
  • 0

Дүйшөндүн тирикарак окуучусу Алтынайга опокшош тагдыр күткөн Алтынай Досанова аралыктан окутууда талбаган аракети, ишке болгон чыгармачыл мамилеси менен башкалардан айырмаланды.

"БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕГИ" АЛТЫНАЙ

Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (азыркы Ош мамлекеттик университетин) 1983-жылы ийгиликтүү аяктаган Алтынай Досанова ушул күндөрү БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунда студент жаштарга англис тилинен билим берет. Күжүрмөн агартуучу, студент кезде окуудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн, Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганын көбү билбесе керек.

— Ар нерсенин жакшы, анан да жаман жагы бар эмеспи. Пандемиянын да жакшы жагы Кыргызстанда көптөн бери ишке ашпай келе жаткан дистанттык окутуу системасынын тез аранын ичинде ишке ашуусуна өбөлгө түздү. Бала бакчадан тартып, ЖОЖдорго чейин жаңы системага өттүк, — дейт ал учурдагы аралыктан окутуу тууралуу.

"БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕГИ" АЛТЫНАЙ

Кесиптештеринин айтуусунда, ардагер окутуучу дистанттык билим берүүдө «кыйналдым-кысталдым» дебестен, талыкпай изденип иштеп, жаштарга үлгү болду.

"БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕГИ" АЛТЫНАЙ
— Мен кырдаалга байланыштуу сабактарды Zoom тиркемеси аркылуу өтө баштадым. Көп сандагы катышуучулар менен ачык сабак өтүп, жакшы алкоолорго ээ болдум. Кесиптештерим мени «БатМУ дагы эң ардагер санарип мугалим» деп баалап жатышты. Ар кандай эл аралык семинар, вебинарларга аралыктан катышып, илим докторлорунун баалуу пикирлерин угуп, окутуучулук тажрыйбамды байыта алдым, — дейт аралыктан билим берүүнүн алдыңкысы Алтынай Досанова.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер