“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ЖАНА БИЗДИН ЗАМАНДАШ ЭЖЕЙ

  • 13.03.2024
  • 0

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ЖАНА БИЗДИН ЗАМАНДАШ ЭЖЕЙ

Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнө караштуу Садовое айылындагы №2 орто мектепте Чыӊгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести боюнча чыгармачыл нукта уюштурулган сабак абдан кызыктуу болду. Адабият мугалими Айчүрөк Боронованын сабагына кесиптештери катышып көрүп, анын устаттык чеберчилигине жогору баа беришти.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ЖАНА БИЗДИН ЗАМАНДАШ ЭЖЕЙ

М.Дыйканов, мектептин директору:

Айчүрөк Асилбековнанын сабактарына көп жолу катышып көрдүм: бири-бирине окшобой, ар бири өзгөчө, өтө кызыктуу өткөндүктөн, окуучулардын кызыгуусун арттырат.

Исмаил Омотов, окуу бөлүмүнүн башчысы:

Айчүрөк Асилбековна — биздин мектептеги эң кадырлуу мугалимдердин бири. Эжей урмат-сыйга өзүнүн аракетчилдиги, жумушуна тактыгы менен жетти. Окуткан балдары да абдан жакшы көрөт.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ЖАНА БИЗДИН ЗАМАНДАШ ЭЖЕЙ

 

Кайбылдаева Рысбүү  мугалим:

Айчүрөк улууларга жардам берүүдөн, кичүүлөргө жол көрсөтүүдөн чарчабайт. Качан болсо да чуркап бир жумушту бүтүрмөйүн отурбайт.

 

 

Өз кабарчы

Бөлүшүү

Комментарийлер