БИРИНЧИ АЙЫМДАР “АЛТЫН БАЛАЛЫКТА”

  • 03.08.2026
  • 0

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева жана Азербайжандын биринчи вице-президенти, биринчи айымы Мехрибан Алиева Ысык-Көлдөгү “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна барышты. БИРИНЧИ АЙЫМДАР “АЛТЫН БАЛАЛЫКТА”Коноктор борбордун ишмердүүлүгү, реабилитациялык программалар жана билим берүү мастер-класстары менен таанышып, тарбиялануучу балдар менен баарлашты. Алар үчүн «Шаттык» улуттук бий ансамбли жана жаш комузчулар концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле президенттик «Акылман» лицейинин окуучулары жасаган чопо жана кийизден жасалган буюмдардын, ошондой эле жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандын достугун символдоштурган “Достук дарагы” аттуу кийиз панносун бүтүрүү аземи өттү. Иш-чаранын соңунда Айгүл Жапарова Зироат Мирзиёева менен Мехрибан Алиевага кыргыз элинин салттуу музыкалык аспабы — ооз комузду белек кылды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер