Биринчи айым: “Билим — өлкө өнүгүүсүнүн негизи”
- 25.05.2026
- 0
Бүгүн, 25-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Акылман президенттик лицейи окуу жайында акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова катышып, бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө ал лицейде өлкөнүн жети дубанынан тандалып келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгилеп, билимдин коом өнүгүүсүндөгү орду өзгөчө экенине токтолду.
“Кайсы доорду албайлы, таалим-тарбия, билим аркылуу гана коомдо өнүгүү болгондугу, билим аркылуу гана ири ийгиликтер жаралгандыгы белгилүү”, — деди ал.
Ошондой эле Биринчи айым бүтүрүүчүлөргө келечектеги окуу жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, мекенге кызмат кылган билимдүү, мекенчил жаштардан болууга чакырды.

Салтанаттын жүрүшүндө окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланып, мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазычылык сөздөр айтылды. “Акылман” лицейинин быйылкы бүтүрүүчүлөрү эми жогорку окуу жайларга тапшырып, билим жолун улантууга камынып жатышат.






Комментарийлер