БИРИҢ БААТЫР, БИРИҢ ШЕР, БАТИР АЛЧУ КИМИҢЕР?

  • 17.09.2024
  • 0

Мугалим журту үчүн алдыда кош майрам. 5-октябрь – Мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай “Жылдын мыкты мугалими-2024” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” конкурсунун республикалык туру жыйынтыкталмакчы. Финалдык турдун жеңүүчүсүнө баш байге – батир ыйгарылат.

Быйыл бул конкурс жаңы жобонун негизинде бир нече номинация менен өтөт. Финалдык турга башталгыч класстын мыкты мугалими, кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими, орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими, мыкты тарых мугалими ж.б. болуп жалпысынан 17 предметтен облустук турда алдыга чыккан мугалимдер катышат.

Буга дейре конкурстун облустук туру жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр республикалык турга жолдомо алып, алдыдагы билим таймашын чыдамсыздык менен күтүп турган чагы.

Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын айтымында, быйыл облус боюнча 17 предметтен 53 мугалим, 9 тарбиячы конкурска катышкан.

— “Жылдын мыкты мугалими-2024” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” республикалык кароо сынагынын жобосунда облустук турун апрель, май айларынын ичинде өткөрүү каралган. Бизде 22-23-апрель күндөрү болуп өттү. Анда райондук турдан биринчи орунду ээлегендер ат салышты. Быйыл мурдагы жылдардан өзгөчөлөнүп сынакка 17 предметтик мугалим, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен 9 тарбиячы ат салышты. Алсак, англис тили сабагы боюнча 1-орунга 97 упай менен Манас районунун Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлмира Салимбаева озуп чыкты. Математикадан 96 упай менен Талас шаарынын Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин мугалими Кубанычбек кызы Айнура, физикадан 89 упай менен Манас районунун Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин мугалими Жазгүл Турдугулова биринчи орунду ээлешти. Жалпысынан алганда мына ушундай жогорку упай топтоп, 14 предметтен биринчи орунду алгандар республикалык турга аттанышат. Тарых, адам жана коом, химия сабактарынан республикалык турга жолдомо алгандар болгон жок, — дейт.

Республикага чыккандын өзү жеңиш

Облустук турда 91 упай топтоп, ресспубликалык турга жолдомо алган Гүлнура Апсатова Талас облусунун Айтматов районундагы Анарбек Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенет. “Музыка – жан дүйнө азыгы” деген сөздү туу туткан жаш адис мектептин мугалими эле эмес, район, облуска чейин тааныла баштаган алып баруучу.

— Мугалим ар тараптуу өнөр ээси болушу керек деп эсептейм. Ар тараптуу болуу үчүн эбегейсиз чоң мээнет, аракет, күч, каалоо керек экени талашсыз. Технология өнүккөн заманда окуучуларды стандарттык сабак менен 45 мүнөт алып отуруу өтө кыйын. Ошон үчүн ар бир сабагыма ачык сабакка, тарбиялык саатка даярдангандай барам. Окуучу — мугалимдин күзгүсү. Окуучусу сабакка кандай даярдык менен келсе, демек, ал мугалимдин деңгээлин көрсөтөт. Негизги предметтерден айырмаланып, музыка сабагында окуучулар өздөрүн эркин сезиши керек. Эркиндик берип, ошол эле учурда жоопкерчиликти сездирүү оңойго турбайт. Бирок мен билимиме ар кандай интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, башталгыч класс болобу, жогорку класс болобу сабагымдын максатына жетүүгө аракеттенем.

Жылдын мыкты мугалими конкурсуна эң алгачкы жолу 2011-жылы катышкам. Кудай буюруп, быйылкы конкурска үч этаптан өтүп республикалык турга аттанып турган учурум. Быйылкы “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагын Талас облустук билим берүү бөлүмү эң жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүп берди. Учурдан пайдаланып, Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн директору Салтанат Бейшеновага жана жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Анткени конкурсанттарга бардык шарттар түзүлдү, — дейт.

Мектепте иштегенине 10 жылдын жүзү болгон Гүлнура Апсатованын бир кыз, бир уулу бар. 2004-жылы борбордогу М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыргыз улуттук аспаптары бөлүмүндө комуз аспабы боюнча билим алган. 2008-жылы Көк-Сай орто мектебинде музыка сабагынын мугалими катары алгачкы эмгек жолун баштаган. “Мугалим – өмүр бою студент” деген ал, учурда И.Арабаев атындагы КМУнун музыка факультетинде сырттан билим алууда. Ал быйылкы конкурстун өзгөчөлүктөрүнө токтолду:

— Буга чейинки сынактарда негизги предметтерге эле көңүл бурулуп келген. Музыка сабагынын мугалимдери деле башка предметтик мугалимдердей талыкпай билим беребиз. Айрыкча ар кандай маданий иш-чараларга окуучуларды олимпиадага даярдагандай эле даярдайбыз. Ырдай турган жерден ырдап, бийлесе бийлеп, сахналаштырып, аспаптын коштоосунда чыгарма аткартабыз. Керек болсо конкурска катышкан окуучуларды үйүбүзгө алып келип даярдайбыз, — дейт жаш адис.

Конкурска катышуу үчүн колдоочусу кыйын болуш керек

Айнур Турдубекова Чүй облусунун Токмок шаарындагы № 11 мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими. Аны менен бирге мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

2008-жылдагы “Жаш мугалимдер депозитинин” катышуучусу Айнур Абысейитовнанын алгачкы эмгек жолу өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөө менен башталган. Чоң атасы Турдубек 47 жыл математика мугалими, өз атасы Абысейит география мугалими жана окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган мугалимдердин династиясын улантып келаткан Айнур Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган.

— Менин кыргыз тили мугалими болуп калышыма айтылуу балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин иниси Зарылбек Бейшеналиев себепкер болгон. Агайымдын таасирлүү сабактарына жана “келечекте мыкты мугалим болосуң” деген сөзүнө таасирленсем керек. 2011-жылы Ак-Талаа районунда өткөн “Жыл мугалими-2011” сынагына катышып, биринчи орунга ээ болгом. Ошол жылы Чүй районундагы Шамшы орто мектебине директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана кыргыз тили мугалими болуп ишке орношком. 2013-жылы “Жыл мугалими-2013” конкурсуна катышып, баш байгени жеңип алгам. Эгиз кыздарым менен декреттик өргүүдөн кийин Токмоктогу “Алтын уя” бала бакчасында алгач мамлекеттик тил мугалими, кийин бала бакчанын башчысы болуп иштедим. 2019-жылы ошол эле шаардагы №11 мектеп-гимназиясында кыргыз тили мугалими катары кайрадан мугалимдик кесибимди уланттым.

“Жылдын мыкты мугалими-2024” конкурсуна катышуумдун себеби, биринчиден, директорубуз Жамал Балбакованын сөзүн сыйладым. Мен буга чейин көп эле жетекчилер менен иштештим, бирок ушул эжедей жанын үрөп демилге көтөрүп, мектептин 10 жылдык иш планын алдын-ала түзүп иштеген жетекчини биринчи жолу кездештирдим. Жетекчиң ушундай дем-күч берип иштегенин көргөндө, сен да билек түрө иштегиң келет. Облустук турда мына ушундай жетекчимдин, кесиптештеримдин колдоосу менен жеңишке жетиштим деп ойлойм, — деди ал.

Токмок шаардык билим берүү бөлүмү уюштурган “Жыл мугалими-2024” конкурсунда гран-при, облустук турда “Мыкты кыргыз тили мугалими” аталып биринчи орунга ээ болгон Айнур Турдубекова учурда республикалык этапка кызуу даярдык көрүп жаткан убагы.

Жердиги нарындык, бирок Чүйдүн келини катары чүйлүктөрдүн намысын коргоого келаткан Айнур айым тиешелүү жетекчилер республикалык турга өткөн мугалимдердин талыкпаган эмгегин баалап, аттестациядан өтүүдө жеңилдик берип, мартабалуу сыйлыктары менен сыйлап койсо, мугалимдер мындан да алдыга умтулмак, анткени көпчүлүгү ашыкча чыгым жумшап, түн уйкудан калып, ден соолугун тобокелге салгысы келбейт деген пикирин кошумчалай кетти.

Ырасында эле бир күндүк сабакка даярдануу учурунда канча убактысын, нервин коротуп, түнкү уйкусунан калган мугалим мына ушундай кароо-сынактарга катышуу үчүн башкасын айтпаганда эле ден соолугун, үй-бүлөсүндөгү тынч турмушун тобокелге салары чындык эмеспи. Мындайда аларга жакындан жардамчысы – үй-бүлөсүндө жолдошу болсо, ишинде жетекчиси.

“Сүрөөнчү кийик аттырат” демекчи, талапкери алдыңкы орунга жетишпесе да, туш тараптан келген кесиптештеринин катарында билим таймашына тайманбай чыгып, райондун, облустун намысын коргогон мугалимдерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көз кырына алууга тийиш. Республикалык сынактын жеңүүчүсү алган сыйлыкка тете сыйлыкты облустук деңгээлде ыйгарып койсо кандай сыймык болмок.

Финал үч тур менен өтөт

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омуркановадан алган маалыматка ылайык, конкурска жалпысынан 180ден ашык талапкер катышуусу күтүлүүдө. Анын ичинде 128 мугалим, калганы мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекеме-уюмдардын педагогдору.

— Конкурстук финал үч тур менен өтөт. Талапкерлер биринчи турда эки бөлүктөн: предметтик даярдыгы жана педагогикалык кырдаалдарда психологиялык даярдыгы боюнча тест тапшырып, жалпы 60 суроого жооп берет. 60 суроонун ар бирине бирден балл коюлат да, 40-60 балл алгандар 2-турга өтөт. 2-турда мастер-класс, мында мугалимдер сабак өтпөйт, тек гана методикалык колдонмолорду колдонуп, кайтарым байланыш аркылуу сабактан үзүндү өтөт, талапкер 20-30 мүнөттүн ичинде өзүнүн даярдыгын көрсөтүүгө тийиш. Эки турдун жыйынтыгында 70-100 балл алгандар 3-турга барат. 3-турда “Сабак” конкурстук сыноосу болот. Анын максаты – катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө тийиш, — дейт Салтанат Темирбековна.

Анын айтымында, эгерде талапкер үч турдан тең өтүп бирдей балл алса, аны чоң жюри “Мугалимге сөз” деген кошумча сыноого жиберет. Мында үч критерий менен баалоодо ал ата мекендик билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларын жана мамлекеттик билим берүү саясатынын маселелерин түшүнүү, ой жүгүртүүлөрдүн тереңдиги жана стандарт, сунушталган чечимдердин негиздүүлүгү жана реалдуулугу, билдирген жеке позициясы жана коммуникативдик маданияты боюнча жогорку көрсөткүчкө жетишсе, ага 10 балл ыйгарылат. Жыйынтыктап айтканда, 17 предметтик мугалимдердин баары бирдей деңгээлде катышат жана өз предмети боюнча эң жогорку балл алган мугалим жеңүүчү аталат. Анын ичинен эң жогорку 110 балл алган талапкер гран-приге ээ болот.

Эскерте кете турган жагдай, ар бир турду чоң жюри, чакан жюри жана ар бир предмет боюнча беш же жети кишиден турган комиссия баалайт. Комиссиянын жалпы саны 121ден ашат, б.а. көп сандагы адамдар тартылат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер