БИР ТАРБИЯЧЫДАН БИР ДАРАК

  • 06.04.2022
  • 0

Кара-Суу районундагы мектептерде жана бала бакчаларда жаз алды менен айлананы көрктөндүрүү иштери мыкты жолго коюлган. Учурда бала бакча тарбиячыларынын катышуусунда “Бир тарбиячыдан бир дарак” өнөктүгү кызуу уланып жатат. Бул тууралуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова кабарлады.

— Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан 93 бала бакчада учурда 432 тарбиячы жана жардамчылары эмгектенет. Азыркы учурда 400дөн ашык түрдүү дарактардын көчөттөрү отургузулду. Дарак отургузуу акциясына тарбиячылар активдүү катышууну улантышууда, — дейт Г.Машрапова.

БИР ТАРБИЯЧЫДАН БИР ДАРАК

Аталган райондогу бала бакча мекемелеринде көмөкчү чарбалар да башкаларга үлгү болорлук деңгээлде уюштурулган. Мекеме жетекчилери мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мал чарбасын, тоок, бөдөнө сыяктуу канаттуулар чарбасын багышат жана ошондой эле картошка, сабиз, капуста, баклажан, калемпирдин түрлөрүн эгишип, мөмөлүү бактарды өстүрүшөт. Натыйжада бөбөктөр кышы-жайы витаминдүү азыктар менен камсыз болушары турган иш. Алган түшүмдүн артканын сатып, түшкөн каражатты кем-карчтарын толуктоого жумшайт. Алсак, “Айданек” бала бакчасы (башчысы Дилфуза Атабаева) бөдөнө бакса, “Нураида” (башчысы Нурайым Бийназарова), “Асилия” (башчысы Гүлүкан Жунусова ), “Акылман бөбөк” (башчысы Саламат Абдукадырова), “Татына” бала бакчалары (башчысы Шарапатхан Жусупова) тоок чарбасын уюштурууну мыкты өздөштүрүп алышкан.

БИР ТАРБИЯЧЫДАН БИР ДАРАКБИР ТАРБИЯЧЫДАН БИР ДАРАК

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер