“БИЛИМКАНА” ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫ МУУН МУГАЛИМДЕРИН ДАЯРДАЙТ

  • 24.05.2022
  • 0

Сиз мугалим болууну көптөн бери каалап жүрөсүзбү же мугалимдик кесипти аркалап жатасызбы, балким, мугалимдик чеберчилигиңизди тереңдетүү керек деп ойлойсузбу? Сиз өз дисциплинаңызды англис тилинде окутууну ойлондуңуз беле? Эгерде бул суроолорго сиздин берген жоопторуңуз «ооба» болсо, анда «Билимкана» фонду “Билимкана” эл аралык университетинин эшигин сиз үчүн ачат! Ал эми “Билимкана” университетинин биринчи программасы мугалимдерди даярдоо боюнча магистратура болот. Бул эмнени билдирет?

Программа билим берүү тармагында иштөөгө жана билим берүү мекемелеринде окутууга зор каалоосу бар, бирок атайын педагогикалык билими жок адистерге багытталган. Ошол эле учурда бул адистердин гуманитардык, табигый-техникалык, экономикалык же башка илимдер тармагында бирден кем эмес жогорку билими бар. Маселен, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин прикладдык математика факультетинин бүтүрүүчүлөрү бул предметти мыкты билишет, алар мектептерде математикадан сабак берип, бул жаатта өнүгүүнү каалайт!

Бул жаңы кадрлар өздөрүнүн практикалык тажрыйбасын балдарга үйрөтө алышар эле, бул биздин оюбузча, азыркы кездеги окуучулардын тажрыйбасын байытууга кызмат кылмак.

 

Программа кантип түзүлөт?

Сиз чет өлкөдө бир жыл окуйсуз! Өзү педагогика боюнча магистратура 2 жылга эсептелген. Окуунун биринчи жылы Бишкекте, экинчи жылы Кавказ университетинде – Грузиянын Тбилиси шаарындагы өнөктөш университетте жүрөт. Программа өнүгүп, кеңейген сайын, окуунун экинчи жылында башка өнөктөштөр кошулат. Маселен, азыркы учурда Москва шаарындагы Жогорку экономика мектебинин базасында окууну улантуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Магистрдик программанын максаты эмнеде?

Программанын максаты — билимдүү жана заманбап, кеңири прогрессивдүү көз карашы бар мугалимдерди даярдоо. Азыркы мектептик билим берүүдө булар мугалимге коюлуучу негизги талаптар болуп саналат. Ушундан улам “Билимкана” университетинин магистратурасында окуу концепциясы үч маанилүү аспектиге негизделет:

  1. Студент экинчи курста педагогика боюнча магистратура программасын толугу менен англис тилинде окуй алышы үчүн биринчи курста англис тилин интенсивдүү окуп-үйрөнөт;
  2. Европа жана Америка тажрыйбасына негизделген заманбап окуу программасы колдонулат;
  3. Студенттин көз карашын кеңейтүү үчүн Кыргызстандан тышкары жерде милдеттүү түрдө билим алуу принциби кынтыксыз ишке ашырылат.

Мен англис тилинде окуй аламбы?             

Албетте, биздин магистрдик программага кызыккандардын көбүндө “англис тилинен билим деңгээлим программа үчүн жетиштүүбү?” же “англис тилинен билим деңгээлим жетишээрлик эмеспи?” деген кооптонуулар болушу мүмкүн.

Биз, биздин болочок абитуриенттерибизге окуунун биринчи жылында коммуникация көндүмдөрүн, өз алдынча издөөнү жана маалымат менен иштөөнү өнүктүрүүгө англис тилинде көп сааттар пландаштырылганын айтып, ишендиргибиз келет.

Программада кандай дисциплиналар болот?

Университетте окутулган дисциплиналар тар адистиктин чегинен чыгып кетет, анткени биздин программанын максаты ар тараптуу өнүккөн жана билимдүү, дүйнөлүк маалымат агымында эркин багыт ала алган жана билим берүүнүн жакшыраак өздөштүрүлүшүнө туура келген ыкмаларды тандай алган мугалимди жаратуу, тарбиялап-өстүрүү болуп саналат.

Магистрдик программа эки бөлүктөн: теориялык жана практикалык бөлүктөн турары пландалууда. Окуунун практикалык бөлүгү – “лабораториялардагы” иш – реалдуу сабактын шарттарында үйрөнүлгөн окутуу методдорун колдонуу жана натыйжалуулугун баалоо “Билимкана” мектептеринде жүргүзүлөт.

Кийинки кадамдар тууралуу билип алыңыз

“Билимкана” фонду бул программаны ишке ашырууда бир чоң максатты көздөйт – Фонд өз мектептерине заманбап мугалимдердин жаңы муунун ишке орноштурууга даяр! Анткени “Билимкана” мектептеринин өнүгүшү жана кеңейиши менен өлкөбүздө заманбап мугалимдерге болгон муктаждык өсүүдө.

Дүйнө таанымы өнүккөн жаңы педагогикалык кадрларды даярдоо “Билимканага” гана эмес, бүтүндөй өлкөгө пайдалуу болоруна терең ишенебиз!

“Билимкана” фонду өз мектептеринде педагогика боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктаган студенттерди колдоого даяр.

Жогоруда айтылгандардын бардыгын жыйынтыктап…

Эгер сиздин,

— жогорку билимиңиз бар болсо;

— балдар менен иштегиңиз келсе;

— англис тилин үйрөнүүгө даяр болсоңуз;

— Кыргызстанда жана Грузияда 2 жыл активдүү күндүзгү окууда жүрө алсаңыз;

Анда арызыңызды, аты-жөнүңүздү, байланыш маалыматыңызды, билимиңиз менен иш тажрыйбаңызды жазып, толук маалыматты [email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Тел.: (0500) 88-44-48

“Билимкана” эл аралык университети менен жаңы муундун мугалими бол!

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер