БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ

  • 30.06.2023
  • 0

Кечээ жакында  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, белгилүү педагог Гапыр Мадаминов агайыбызды  Советтер союзунун баатыры,   генерал- лейтенант Калыйнур УСЕНБЕКОВ атындагы Аскер институту  конок лектор катары чакырып, кызыктуу семинар уюштурушту.

-Мекенимди, үй бүлөмдү коргоймун деп мурунку заманда адамдар кара күчүн бекемдешсе, XXI кылымда акыл, билим күчүн бекемдөөсү керек болуп калды.  Анткени бир да эл, улут башка элди кара күч же курал менен жеңе албайт. Татыктуу билим деңгээли болсо гана диалог менен сүйлөшүп, өз ара урмат-сый менен маселе чечсе болот. Ушуну айтат билими күчтүү миңди жыгат деп.  Жеке адамдын мисалында алып караганда деле ар тараптуу билимдүү, өнүккөн, адептүү адамды эч кандай күрөшсүз эле бүт айланадагы эл, үй- бүлөсү, балдары да сыйлап турат го, туурабы?  Ошондуктан өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу гана адамды өнүктүрөт жана коргойт,- деди атактуу мугалим жолугушууда. Видодо көрүнүп тургандай билим, илим адамга канчалык жакшы энергия берээрин залдагы жолугушууга катышкандардын эмоциясынан байкасаңыз болот.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер