БИЛИМ ЖОЛУ: БАЛА БАКЧАДАН – МЕКТЕП БОСОГОСУНА ЧЕЙИН!
- 10.06.2025
- 0
Балдар – биздин келечегибиз деп бекеринен айтылбаса керек, мектепке чейинки билим берүү мектептик билимдин пайдубалы болуп саналат. Ушу тапта Кыргызстан аймагында баш-аягы 1997 бала бакча иштеп жатат. Анда баш-аягы 257 миңден ашуун бала тарбияланууда. Буюрса, мектепке чейинки билим берүү менен кошо жалпы камтуу деңгээли 44,3 пайызды түздү. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин жеткирүүнү максат кылып турабыз. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгына арналып өткөрүлгөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Ал окуу жылында окутуунун сапатын жогорулатууга, окуу программаларын модернизациялоого, алдынкы билим берүү технологияларын киргизүүгө, мектеп инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган “Алтын Казык” системасын ар тараптуу трансформациялоонун улуттук программасын ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп калганын, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты жана бала бакчалардын ишин кыйла жеңилдете турган бир катар маанилүү документтер кабыл алынганын баса белгиледи.
“Быйыл 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды, бул баласын толук күндүк бакчага бере албай жаткан үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө маанилүү. Ваучер системасы – мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун толук автоматташтырылган жаңы модели киргизилди. 570 бала бакчада 985 жаңы топ ачылып, аларга 25 645 бала кабыл алынды, айрым бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрү билим берүү мейкиндигине айлантылды”, — дейт министрдин орун басары.
Андан тышкары, өлкө аймагында 257 үй тибиндеги бала бакча ачылып, жеке ишкерлер үчүн салыктык жеңилдиктер каралганы, мамлекеттик банктар бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо үчүн 10 млн сомдон 70 млн сомго чейинки өлчөмдө жеңилдетилген насыя бере баштаганы белгилүү болду. Ал эми менчигинин түрүнө карабастан бардык бала бакчалардын тизмеги «Балалык» автоматташтырылган тутумга киргизилген.
Ушу тапта ваучер алуу үчүн электрондук өтүнмөлөр кабыл алына баштады. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын 3-июнунан тарта 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн пилоттук режимде 1000 ваучер бөлүнүп, balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алынып жатат. Мындай чаралар КР Министрлер Кабинетинин калктын социалдык жактан аярлуу катмарларындагы балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө токтомун ишке ашыруу жана жеке менчик бала бакчаларга тартуу максатында жүзөгө ашырылууда.
Ошондой эле, бала бакчалардын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу чаралары да көрүлүүдө. Маселен жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги бала бакчаларга заманбап телевизорлорду тапшырды. Мындай чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, таалим-тарбия берүү жүрүмүндө заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөрү бышык. Анткени, мектептик билим берүү мектепке чейинки билим берүүнүн логикалык уландысы болуп саналат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы университетте «2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечекке пландар. 2025-жылдын 2-июнунан баштап 1-2-класстарга балдарды кабыл алуу боюнча» темасында маалымат жыйыны өтүүдө. Иш-чарага агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, Санариптик билим берүү борборунун директору Бектурган Бабаев катышып, ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берүү менен бирге, алардын айрым суроолоруна жооп берүүдө.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер