БИЛИМ ЖАНА ӨНДҮРҮШ: КЕЛЕЧЕКТИН КЕСИПКӨЙЛӨРҮНӨ ЖАҢЫ ЖОЛ
- 21.05.2026
- 0
Бишкектеги №5 кесиптик лицейде чоң салтанат. Билим ордосу менен өлкөдөгү алдыңкы өндүрүш ишканаларынын бири болгон «ALLMIX» компаниясынын биргелешкен аракетинин натыйжасында, студенттер үчүн заманбап стандарттарга жооп берген жаңы окуу-устаканасы эшигин ачты. Салтанатка өлкөнүн ири курулуш компанияларынын жетекчилери да катышып, кесиптик билим берүүнүн жаңы баскычка көтөрүлгөнүнө күбө болушту.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн «ALLMIX» компаниясынын негиздөөчүсү Темирлан Амантуров компаниянын басып өткөн жолуна жана келечек пландарына токтолду:
— Биздин Бишкек шаарында өткөрүп жаткан биринчи форумубузга кош келиңиздер! Компаниябызды мындан беш жыл мурун түптөгөнбүз. Башында Ысык-Көл облусунда акиташ жана ак таш материалдарын чыгаруу менен алектенчүбүз. Кийинчерээк ири таштардан ашкан калдыктарды майдалап, андан жогорку сапаттагы кургак аралашмаларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенине көзүбүз жетип, үй-бүлөлүк чечим менен ушул өндүрүш багытына өттүк. Биздин максат — жөн гана ишкерлик эмес, эл агартуу тармагынын өнүгүшүнө да азда болсо салым кошуу. №5 лицейдин студенттерине татыктуу шарттарды түзүп берүү менен, алардын өз кесиби боюнча жетилген адис болуп чыгышына көмөктөшүп жатабыз. Бул кызматташтыгыбыз жылдан жылга бекемделе берет деп ишенем, — деди ал.

Чындыгында, бүгүнкү заманбап курулуш тармагы тез өзгөрүп жаткандыктан, студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштыруусу аба менен суудай зарыл.
№5 лицейдин директору Элионера Ишекеева компаниянын бул кадамын жогору баалап, ыраазычылыгын билдирди:
«Бүгүн биз «ALLMIX» компаниясы менен биргеликте жаңыланган устаканабыздын ачылыш аземинде турабыз. Бул ишкана курулуш материалдары рыногунда алдыңкы орундарды ээлейт. Алардын жардамы менен курулуш-жасалгалоо устаканабыз толугу менен жаңыланды. Студенттерибиз үчүн заманбап стенддер, жаңы эмеректер, ыңгайлуу стол-стулдар орнотулду. Эң башкысы, компания бизди жыл сайын окутуу процессине керектүү курулуш аралашмалары менен камсыздап келет. Мына ушундай колдоонун аркасында биздин балдар практика жүзүндө заманбап материалдар менен иштөөнү үйрөнүп, кесиптик чеберчилигин оркундотууга чоң мүмкүнчүлүк алышты», — деп белгиледи окуу жайдын жетекчиси.
Иш-чарага катышкан жеке курулуш компанияларынын өкүлдөрү да бул демилгени колдоого алышты. Алардын айтымында, даяр кадрларды өндүрүштөн бөлүп кароого болбойт, ал эми лицейде түзүлгөн мындай шарттар келечектеги жумуш берүүчүлөр үчүн да чоң плюс.
Салтанаттуу ачылыштан кийин коноктор устакананы кыдырып, студенттердин алгачкы практикалык иштери менен таанышты. Жаңыланган имарат, жаркыраган бөлмөлөр жана сапаттуу материалдар — мунун баары эртеңки күндүн мыкты усталарын тарбиялоого багытталган бийик максаттардын башаты болуп калмакчы.
Айгерим Кенжебекова, Аяна Саткынбекова, “Кут Билим” гезитинин практиканттары




Комментарийлер