БИЛИМ ОЛИМПИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БАГЫНДЫРДЫ

  • 03.04.2019
  • 0

Бишкек шаарында 30-31-мартта окуучулардын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV туруна облустук жана шаардык турларынын 316 жеңүүчүсү катышты. Жеке эсепте 73 окуучу байгеге ээ болушту. Билим берүү жана илим министрлиги 1-орунду багындырган окуучуларга ноутбук, 2-3-орундарды ээлегендерге электрондук китептерди окуу үчүн курал жана 4-орунду алгандарга китеп сатып алууга сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле байге ээлерин олимпиадага даярдаган мугалимдерге да ардак грамота жана Ысык-Көлдөгү  ведомстволук пансионатка эс алууга сертификаттар ыйгарылды.

БИЛИМ ОЛИМПИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БАГЫНДЫРДЫ

БИЛИМ ОЛИМПИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БАГЫНДЫРДЫ

  • Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, жеңүүчүлөрдү сыйлашты. Олимпиаданын жыйынтыгында командалык биринчиликти Бишкек шаары алды. Экинчи орунду Ысык-Көл облусунун командасы ээлесе, үчүнчүлүккө Ош шаары чыкты. Жеке сынакта байгелүү орундарга 73 окуучу ээ болду, — дейт министрликтин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова.
  • БИЛИМ ОЛИМПИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БАГЫНДЫРДЫ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова өз сөзүндө Кыргызстандын аймактарынан жеңүүчүлөрдүн санынын өскөнүн белгиледи.

  • Быйылкы олимпиада №5 УКГ, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде жана И.Арабаев атындагы КМУ өттү. Бул окуу жайлар олимпиаданын практикалык жана эксперименталдык иштерин жүргүзүүдө бардык керектүү атайын жабдыктар менен камсыз кылды. Олимпиаданын жүрүшү атайын сайтта көрсөтүлүп турду. Быйыл материалдык-техникалык жактан №5 УКГ менен И.Арабаев атындагы КМУ өзгөчө колдоо көрсөтүштү, — дейт А.Кусеинова.
  • БИЛИМ ОЛИМПИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БАГЫНДЫРДЫ
  • БИЛИМ ОЛИМПИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БАГЫНДЫРДЫ

Айтмакчы, №5 УКГнын базасында математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык сынакка катышууга 75 окуучу тандоо турунан өтүштү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер