БИЛИМ ҮЧҮН АЗЫК АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
- 01.07.2024
- 0
Бишкекте өтүп жаткан “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” аталышындагы форумдун орчундуу бөлүгүн балдардын тамактануусуна арналган USDA МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы түзөт.
Аталган программаны 10 жылдан бери Мерсико эл аралык уюму ишке ашырып келүүдө. 2012-2013-жылдары Мерсико 767 мектептин башталгыч класстарын ысык тамак менен камсыздандырганга көмөк көрсөттү.
Программанын алкагында Мерсико 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамына ылайык, ысык тамак уюштуруу боюнча ченемдик-укуктук актыларын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.
Колдоо көрсөтүүнүн максаттары:
1. Мектеп окуучуларынын сабаттуулугун жогорулатуу;
2. Башталгыч класстардын окуучуоарынын жана алардын жамааттарынын арасында ден соолук, тамактануу жана мүнөздөп тамактануу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды коодонууну кеңейтүү.
Мерсико Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында иш алып барат.
Мектептеги тамак-аш — балдардын окуудагы жогорку жетишкендигинин жана бакубаттуулугунун негизи. Адистердин айтымында, балдар мектептен ысык тамак ичсе, окууга көңүл буруусу жогорулайт.
Кошумчалай кетсек, 220 мектеп ашпозчусу кыска жана узак мөөнөттүү программалар боюнча окуудан өтүп, тиешелүү формалар жана мектеп ашпозчусуна керектүү колдонмолор менен камсыздалган.
Андан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу ашпозчларды даярдоо боюнча онлайн курс иштелип чыкты.
Алдыда, т.а. 2024-2026-жылдары мектептеги тамак-аштын туруктуулугу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жарыяланып, анын негизинде улуттук стратегия иштелип чыкмакчы.
Айнагүл Кашыбаева,
”Кут Билим”
Комментарийлер