БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ СИСТЕМАСЫНДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 08.05.2021
  • 0

8-майда Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги – министр Болотбек Купешев жана анын орун басарлары менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө 2012-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим системасына сереп салынды. Демографиялык жана билим берүү статистикасы, стратегияны ишке ашыруудагы жетишкендиктер, бүгүнкү күндөгү жана келечектеги көйгөйлүү маселелер, ошондой эле жаңы иштелип чыккан 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү программасынын өзөгүндө жаткан ошол маселелерди чечүү жолдору талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер