БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН МУГАЛИМДИН ОКУУЧУЛАРГА КОЛ КӨТӨРҮҮСҮ БОЮНЧА ТАРАГАН ВИДЕО ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮСҮ

  • 20.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда мугалимдин окуучуларды көрсөткүч таякча (указка) менен кол көтөргөнү боюнча тараган видео тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН МУГАЛИМДИН ОКУУЧУЛАРГА КОЛ КӨТӨРҮҮСҮ БОЮНЧА ТАРАГАН ВИДЕО ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮСҮ

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, аталган окуя 2023-жылдын 12-апрелинде Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган.

Аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалим Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан.

Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.

Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалими АбдулашымЖолболдуевге КР билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан КР Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “Сөгүш” тартиптик жазасы берилди.

Ал эми №11 М. Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору К.Р. Азимбаевге Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз коллегиясынын чечими менен КР Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “Эскертүү” тартиптик жазасы берилет.

Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес.

Бөлүшүү

Комментарийлер