БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

  • 01.06.2023
  • 0

31- майда Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясынын жыйыны Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда өттү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

Коллегиянын жыйынына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин биринчи орун басары Уланбек Усеков, министрдин орун басары Аида Рысбаева катышты.

Жыйында Кыргыз билим берүү  академиясынын жана Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар берилип, талкууланды.

Жыйынтыгында Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун отчеттук мезгилдеги ишмердиги канааттандырарлык эмес деп табылды. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясына Кыргызстандын билим берүү системасын стратегиялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык Кыргыз билим берүү академиясынын түзүмүн жана штаттык бирдигин оптималдаштыруу милдеттендирилди.

Коллегиянын Токтому

Бөлүшүү

Комментарийлер