БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 14.12.2023
  • 0

13-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын отуруму өттү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ОТУРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Отурумда жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосундагы келишим түзүү,  балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” №1-чакырыгы боюнча “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын аткарылышы, билим берүү тармагын санариптик  трансформациялоо, өзгөчө статустагы жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү, окуу китептери менен камсыздоо, 7 -8 класстар үчүн “Диндердин  өнүгүү тарыхы” предметине Билим берүү жана илим министрлигинин грифин ыйгаруу жөнүндө баяндамалар угулду.

Коллегия отурумдун күн тартибине киргизилген маселелерди сын-пикирлер жана сунуштар менен колдоду.

Бөлүшүү

Комментарийлер