МЕКТЕПТИК ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 21.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Алмазбек Бейшеналиев менен Азия өнүктүрүү банкынын билим берүү жаатындагы долбоорлор боюнча адиси Маматкалил Разаевдин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, ишке ашырылып жаткан – “Секторду өнүктүрүү долбоору: Билим берүү системасын чыңдоо” жана “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорлорун ишке ашырууну жүрүшү талкууланды.

“Аталган долбоорлор алдына Кыргыз Республикасындагы орто жалпы жана орто кесиптик билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди коет”, — деп белгиледи Маматкалил Разаев.

КР БИМдин жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев билим берүү системасынын бардык баскычтарын реформалоо үчүн билим берүүдөгү инновациялардын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз дүйнөлүк тенденцияларды эске алышыбыз керек, билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги бүтүрүүчүлөр заманбап билим берүү компетенцияларына ылайык келүү үчүн инновацияларды активдүү киргизишибиз керек”, — деди ал.

“Секторду өнүктүрүү долбоору: Билим берүү системасын чыңдоо” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Жылдыз Узбекованын айтымы боюнча аталган долбоор окуу-усулдук комплекстердин сапатын жакшыртууга, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, окуу процессине инновацияларды киргизүүгө багытталган.

«Республиканын бардык областтарында 30 инновациялык мектеп иш алып барууда, алар 300дөн ашык түрдөгү лабораториялык жабдуулар менен жабдылды. Бардык мектептер интернет-байланышка кошулган, ошондой эле мектептердин ар биринде электрондук окутууну апробациялоо, мультимедиялык жана электрондук технологияларды жалпы билим берүү процессине ишке киргизүүнү пилоттоо үчүн локалдык тармак орнотулган», деди ал.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Нурлан Атаканов аткарылып жаткан милдеттердин алкагында түзүлүп жаткан Алдыңкы тажрыйба борборлоруна басым жасады.

“Республиканын 8 колледжинин базасында заманбап коопсуз инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлүүдө. АТБлар регионалдык интенсивдүү өнүктүрүү борборлорунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган. Алдыңкы тажрыйба борборлору эксперименталдык кесиптик стандарттардын, компетенттүүлүк негизде, жумуш ордунда окутуунун, сапатты башкаруунун негизинде окуу программаларын ишке ашырууда мыкты методологияларды жана тажрыйбаларды пилоттоо менен республиканын калган колледждери үчүн стратегиялык инновациялык өнүгүү модели болот”, — деди ал.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер