КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШ АЛЫП БАРУУДА

  • 07.10.2020
  • 0

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөдө жаралган кырдаалга карабастан, билим берүү жана окутуу системасындагы терс таасирлерди алдын алуу максатында ведомствонун  борбордук аппараты жана аймактык бөлүмдөр штаттык режимде иш алып барууну улантат. Өлкөнүн билим берүү мекемелеринде аралыктан окутуу уюштурулуп, көзөмөлдөнүп жатат.

Иштер санитардык-эпидемиологиялык  чараларды сактоо менен жүргүзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер