БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ: АТА-ЭНЕЛЕР МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕГИН ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫН СЫЙЛАШЫ КЕРЕК

  • 25.12.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги №95 мектептеги эненин жүрүм-турумун айыптайт жана мугалимге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр.  

Азыркы учурда министрлик Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте атайын  комиссия түздү. Ал №95 мектепте орун алган окуяны кылдат иликтейт.

Билим берүү жана илим министрлиги окуя болгон учурда мугалим мыйзамдуу түрдө милдетин аткарганын билдирет. Министрликтин буйругуна ылайык, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн сабак учурунда мугалимдин класстан сырткары чыгуусуна тыюу салынат. Өзүнүн аракети менен окуянын катышуучусу болгон А.Ш. аттуу ата-эне бир гана окуу процессин бузбастан, класста коштоосуз калган башка окуучуларга да коркунуч жаратты.

Министрлик акыркы кезде педагогдордун эмгегин баалоо, беделин көтөрүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, “мугалим” деген кесипке сый мамиле кылуу менен ата-энелерди мектепте этика жана моралдык нормаларды сактоого чакырат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер