БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ 2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫН ИШТЕП ЧЫКТЫ

  • 06.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу тарабынан 2030-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы даярдалды.

Концепциянын максаты: Кыргызстан элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоону жана өткөрүп берүүнү камсыз кылган бирдиктүү, ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоо, ички жана тышкы чакырыктарга ийкемдүү жооп берүүчү башкаруу механизмдерин түзүү, көп маданияттуу коомдун муктаждыктарын жана билим берүүчү керектөөлөрүн канааттандыруу. Концепцияны ишке ашыруу Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоо сапатынын жогорулашына алып келиши керек.

Концепция жогоруда аталган максаттарды ишке ашыруунун теориялык, методологиялык жана уюштуруучулук жоболорун жана багыттарын камтыйт.

Жүктөп алуу: 2021-2030-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы.pdf

Сын-пикирлериңизди жана сунуштарыңызды [email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер