БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ТҮЗ ЭФИРДЕ ОЙ БӨЛҮШТҮ

  • 12.04.2020
  • 0

11-апрелде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова КТРКнын “Ала-Тоо-24” каналында түз эфирге катышып, аралыктан окуунун алгачкы төрт күнү тууралуу өз ойлорун ортого салды.

Журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, Билим берүү жана илим министринин орун басары учурдагы аралыктан окуу коронавирус пандемиясына байланышкан өлкөбүз үчүн оңой эмес шартта кабыл алынган туура чечим болгонун баса белгиледи.

-Жаңы форматта окуп жатканыбызга төрт күн болду. Ийгиликтер да, кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Айрым жерлерде телевизордун жоктугу көйгөйду жаратты. Биз донорлорго ыраазыбыз, алар ошондой үй-бүлөлөрдү колдоого алышты. Экинчи көйгөйдү чечүүнүн үстүндө азыр мобилдик операторлор иштеп жатат. Албетте, аралыктан окуу техникалык жактан кынтыксыз болууга тийиш. Биз биринчи күнү министрликте аралыктан окуунун төрт күнүнө мониторинг жасап, баа беребиз,- деди Надира Сынташевна.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер