БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ИНДОНЕЗИЯНЫН ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 02.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Индонезиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сунарье Картадинатты кабыл алды.

Жолугушууда квалификациялардын улуттук рамкасына ылайык окуу жайлар үчүн каралган талаптар, аккредитация жана билим берүү системасы боюнча маселелер талкууланды.

Сунарье Картадинат Индонезиянын маданият тармагы боюнча стипендиялык программасына министрликтин кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.  Ал стипендиялык программага көбүрөөк адамдарды тартуу максатында элчилик тарабынан документтерди кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу маселеси каралап жатканын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар бардык программалар боюнча (бакалавриат, магистратура, докторантура) өз ара гранттык орундарды бөлүштүрүү үчүн Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Индонезиянын Билим берүү министрлиги ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюуга кызыкдар экенин билдиришти. Мындан сырткары, окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу, биргелешкен программаларды ишке ашыруу, изилдөө тайпаларын түзүү сыяктуу суроолор талкууланды.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер