БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ АК-СУУ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БАРДЫ

  • 19.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин балансында турган кыймылсыз мүлктөр ушул тармактын гана кызыкчылыгында иштетилет, аларга ээлик кылууга министрликтен башка эч кимдин акысы жок. Мындай пикирин министр Болотбек Купешев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу балдар үйүндө өткөн жолугушуу маалында билдирди.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ АК-СУУ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БАРДЫ

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, балдар үйүнүн администрациясы, ошондой эле айыл тургундары катышкан жолугушууда балдар үйүнүн келечеги талкуунун негизги темасына айланды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым тургундар балдар үйүн айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү суранышты. «Райондун борборунда балдар бакчасына муктаждык бар, эгер бул маселе жергиликтүү бийликтин пайдасына чечилип калса, имараттын бир бөлүгүн балдар бакчасы катары колдонолу дегенбиз», — дешти алар.

Өз кезегинде министр облуста мектеп маселеси курч экенин белгилеп, балдар үйү 2021-2022-окуу жылына карата толук кандуу иштеген жатак мектеп катары ачыларын, бул жерде алыскы айылдардан келген балдар да, жергиликтүү тургундардын балдары да билим алышарын билдирди.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ АК-СУУ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БАРДЫ

Андан ары министр Советское айылындагы Кызыл-Кыя орто мектебине барып, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты. «Ак-Суу районунда иштеп кеткен жетекчи катары райондогу маселелердин көбүн билесиз, он жыл мурун фундаменти куюлган жаңы мектебибиздин курулушу ошол эле бойдон турат. Кайрылбаган жерибиз калбады, республикалык бюджеттен каражат бөлүнсө, курулуш иштери кайрадан жанданат эле», — дешти алар.

Болотбек Купешев районду жетектеп турганда ушул объектти өзү баштатканын, кызмат ордунан кетүүгө аргасыз болгондон кийин деле Кызыл-Кыя мектебинин тагдырына кызыгып жүргөнүн, арадан он жыл өткөндөн кийин эч кандай жылыш болбогонун көрүп зээни кейип турганын жашырбады.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ АК-СУУ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БАРДЫ

Ак-Суу районуна болгон иш сапарында министр Кереге-Таш айылындагы Жумагул Алышбаев атындагы мектептин авариялык корпусун көрүп чыкты. Алынган маалыматка таянсак, мектептин авариялык корпусу 1967-жылы курулган, 2005-жылы жараксыз абалга келип, жабылган. Жылдан-жылга демографиялык өсүш болуп, окуучулар үч сменада окууга аргасыз болуп келе жатышат. Мектеп жетекчилиги менен болгон жолугушууда министр бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, ушул мектепке жаңы окуу корпусун куруп берүү боюнча донорлор жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер