«БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ЭҢ ЧОҢ КӨЙГӨЙЛӨРДҮН БИРИ – МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯ МАСЕЛЕСИ»
- 26.02.2020
- 0
26-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын жыйынтыктоочу коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышуучулардын көңүлүн мектептеги таалим-тарбиянын абалына бурду.
— Бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири – мектептеги тарбия маселеси. Балдар тарбиясындагы деградация, балдардын жан дүйнөсүндөгү боштук мектептерде тарбия ишинин солгундап баратканын көрсөтөт. Мектептерде балдар суицидге жана зомбулуктун башка көрүнүштөрүнө туш болууда, — деп айтты Каныбек Исаков.
Билим берүү жана илим министри мектепте психологиялык жана физикалык коопсуздукту сактоо үчүн «Зордук-зомбулуксуз мектеп» долбоору маанилүү болуп саналарын белгиледи.
— Бул программа окуучуларды конфликттүү кырдаалдарды акыл-эс менен чечүүгө жана бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасоого үйрөтөт, -деди министр.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер