БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРДИН ОКУТУУНУН ЖАҢЫ, ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ”

  • 28.08.2023
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “МУГАЛИМДЕРДИН ОКУТУУНУН ЖАҢЫ, ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ”

— Дүйнөдөгү тез өзгөрүүлр, санариптик технологиянын өнүгүшү мугалимдерден окутуунун жаңы, заманбап ыкмаларын өздөштүрүүнү талап кылат. Мурдагы көндүмдөр, ыкмалар 60 ка жакын кесиптер келечекте актуалдуулугун жоготушу болжолдонууда. Жакынкы аралыкта, жасалма интеллект, кибиркоопсуздук, климаттык өзгөрүү, ГМО-агроном (генетикалык модификацияланган организм), IT –медик, медициналык шаймандардын архитектору, экотютор, социалдык конфликтердин медиатору сыяктуу IT менен байланышкан жаңы көндүмдөр жана 300 гө жакын жаңы кесиптер пайда болоору күтүлүүдө. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө эл аралык стандарттарга жооп берген жана окуучуларды дүйнөдөгү тез өзгөрүүлөргө даярдаган жогорку сапаттагы билим берүү программларын, IT ге жана жасалма интелекке негизделген жаңы башкаруу системаларын түзүшүбүз абзел, — деди Каныбек Иманалиев.

Ошол эле мезгилде жасалма интеллектти күнүмдүк турмушта колдонуунун тобокелчиктерин эске алуубуз шарт экендигин, анткени жасалма интеллектте адамгерчилик, гумандуулук принциптери болборун айтты. Ошондуктан санариптик көндүмдөрдү жана жасалма интеллектти жайылтууда алардын окуучулардын жеке жана жамааттык психикасына тийгизген терс таасирин азайтууну эске алуу менен эки маселени: жасалма интеллектти үйрөнүү жана аны улуттук өзгөчөлүктөргө жана каада-салттарга туура келгендей кылып “кыргыздаштыруу” жолун чечүүнү колго алуу керектигин баса белгиледи. Мындан сырткары коомубуздун этикалык жана укуктук өзгөчөлүгүн камтыган, жасалма интеллектин иштөөсүн жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылар иштелип чыгуу зарылдыгын айтты.

 

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер