БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЧҮЙ ОБЛУСУНДА БОЛДУ

  • 28.05.2021
  • 0

28-майда Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата райондорунда болду.

Ведомство башчысы Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугуп, райондун билим берүү уюмдарындагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр менен таанышты. Жолугушуу маалында министрге райондогу мектептердин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга даярдыгы, жаңы окуу жылына карата пландар жана милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Иш сапарынын алкагында министр Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнө барып, курулуп жаткан мектептин абалы менен жеринен таанышты, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен баарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер