БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БОЛОТБЕК КУПЕШЕВДИН ӨМҮР БАЯНЫ
- 07.05.2021
- 0
РЕЗЮМЕ
Аты-жөнү: Купешев Болотбек Душекович
Туулган күнү: 1959-жылдын 25-октябры
Туулган жери: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Соколовка айылы
Билими: жогорку, Кыргыз мамлекеттик университети (1986-ж.)
Диплому боюнча адистиги: Орус тили жана адабияты мугалими
Эмгектик ишмердиги
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындалганга (2021-жылдын 5-майына) чейин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;
2009-2010-жж. – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2008-2009-жж. – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;
2007-2008-жж. – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;
2005-2007-жж. – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;
2004-2005-жж. – Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2002-2004-жж. – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;
1996-2002-жж. – Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;
1991-1996-жж. – Бишкек шаарынын № 36 орто мектебинин директору;
1989-1991-жж. – Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;
1986-1989-жж. – Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;
1980-1986-жж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;
1978-1980-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1976-1978-жж. – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.
Эмгектик жетишкендиктери
1990 – 1995-жж. – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук кеңешинин депутаты болгон (эки жолку чакырылышта);
1999 – 2004-жж. – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон;
2000-ж. – Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I съездинин делегаты болуп шайланган;
1992 – 1993-жж. – «Мыкты директор» наамына татыктуу болгон;
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Квалификациясын жогорулатуусу
1996-ж. – Венгрия, семинар;
1996-ж. – Эстония, конференция;
1999-ж. – Латвия, конференция;
1991-ж. – РИО, курстар;
2000-ж. – КИО, курстар;
2003-ж. – Түркия, Кипр, курстар;
2009-ж. – Чехия, Япония, конференциялар;
2012-2017-жж. – Польша, Япония, Казакстан, окуулар.
Комментарийлер