БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 11.03.2021
  • 0

Бүгүн, 11-мартта, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен Орусия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушконун жолугушуусу болду.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушууда ушул жылдын 25-февралында болуп өткөн Кыргызстан менен Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча өткөрүлүп жатканы белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын билим алуусунун сапатын арттырууга, ошондой эле окутуучулардын окуу предметтери боюнча квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзө турган билим берүү жаатындагы биргелешкен иш-аракеттердин актуалдуу багыттары талкууланды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын мектептери менен өнөктөштүк байланыштардын Орусия Федерациясы тарабынан жакшыртылышынын зарылчылыгы белгиленди. Тараптар бул багыттагы ишти улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ош шаарында россиялык мектептерден келген 29 орус тили мугалими эмгектенүүдө.

“Буга чейин Россиянын кийинчерээк кыргыз тилине которула турган табигый-илимий жана физика-математика багытындагы предметтер боюнча билим берүү платформаларын пайдалануу ыктымалы тууралуу маселе талкууланган. Бул маселеде биз белгилүү бир макулдашууларга жетишебиз деп ойлойм”, – деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

Министрлердин орун басарлары эки өлкөнүн Билим берүү академияларынын ортосундагы Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын (анын алкагында предметтик стандарттар, STEAM (илим, технология, инженерия, искусство, математика) программаларын ишке ашырууга багытталган окуу программалары түзүлөт) иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулашты. Жолугушууда мектептерди курууга да көңүл бөлүндү.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер