БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА СЕМИНАР
- 11.02.2025
- 0
Ноокат районундагы «Байыш» орто мектебинде «Заманбап билим берүү технологиялары жана алардын мектептеги ролу» аттуу семинар өтүп, ага райондогу 100дөн ашуун мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты. Алар иш-чаранын жүрүшүндө заманбап окутуу ыкмалары, жаңы технологиялардын билим берүү тармагындагы орду жана натыйжалуулугу боюнча тажрыйба алмашышты.
Семинардын алкагында математика, география, тарых, биология, англис тили жана орус адабияты боюнча ачык сабактар өтүлүп, ар бир мугалим заманбап усулдарды колдонуу менен сабак өтүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөттү. Ошондой эле “Билим берүү жараянын уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” жана “12 жылдык билим берүү шартында окуу бөлүм башчыларына коюлуучу талаптар” аттуу маанилүү темалар талкууланды.
Иш-чараны жыйынтыктоо учурунда катышуучулар заманбап билим берүү технологияларын натыйжалуу колдонуу боюнча сунуштарын ортого салышты. Семинар билим берүү тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түздү.
Комментарийлер