БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖАНЫНДАГЫ ЖОЛ БЕЛГИЛЕР ЖАҢЫЛАНЫП ЖАТАТ

  • 17.08.2021
  • 0

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жаӊылоо боюнча иштерин баштады.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар жол чийиндерин жаӊыртып, Бишкектеги мектептер менен бала бакчалардын жанына жол белгилерин орното баштады. №72, №49, №42, №25, №66, №4, №45, №20, №93, №74, №26 мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жаӊыртылды.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанына атайын жасалма дөӊчөлөрдү орнотулуп, жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулууда. №145 бала бакчанын, Анкара көчөсүндөгү «Ала-Тоо» эл аралык университетинин, №20 мектеп-гимназиянын жанында жасалма дөӊчөлөр пайда болду.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер