БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫНА НАКТАЛАЙ  ЭМЕС ТӨЛӨӨ БОЮНЧА ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРДИ

  • 19.10.2022
  • 0

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде алгачкы жолу билим берүү кызматтары үчүн төлөмдөрдү (жогорку окуу жайларында окуу үчүн төлөм ж.б.) QR-код колдонуу менен накталай эмес формада кабыл алууну ишке ашыруу боюнча пилоттук долбооруна старт берилди.

Аталган пилоттук долбоорду ишке ашырууга Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тандалып алынган.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койгон буйрукка ылайык, пилоттук долбоор макамы бар жогорку окуу жайларынын жана “РСК” банк, “МПЦ”, ЖЧК “АВН”, ЖЧК “E-Bilim” катышуусунда үч ай жүргүзүлөт. Андан соң долбоордун жыйынтыгы жогорку окуу жайларына жайылтылат.

Бул пилоттук долбоор финансылык каражаттарды жүгүртүүдө ачык-айкындуулукту жана убакытты үнөмдөөнү камсыз кылат.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор мамлекеттик жана башка төлөмдөрдү жана которууларды эки өлчөмдүү штрих-коддук символдорду колдонуу аркылуу төлөө ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча Жол картасынын 1.2-пунктун ишке ашыруу максатында жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер