БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ЛИЦЕНЗИЯЛОО БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕРДИ ОКУТУУ БАШТАЛДЫ
- 27.05.2024
- 0
27-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттердин окутуу семинарынын ачылышына катышты.
Министрдин орун басары бүгүнкү семинар лицензиялоонун жол-жобосу боюнча эксперт-адистерди даярдоого багытталганын жана окутууга билим берүү системасындагы тажрыйбалуу адистерден турган тренерлер тартылганын белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө “Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана билим берүү программаларына карата лицензиялык талаптар”, “АСУЛА — электрондук лицензиялоо платформасы боюнча жалпы маалыматтар” жана “Лицензиялык текшерүү баракчасын толтуруу” темаларында баяндамалар жасалат.
Белгилей кетсек, ушундай эле окутуу семинары 28-29-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлөт.
Комментарийлер