БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ

  • 25.04.2023
  • 0

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде Жалал-Абад облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы эки күндүк окутуу башталды.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ

Берилген маалыматка ылайык, окутууга 450дөн ашуун мектеп директору жана райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышууда.

Семинардык максаты — жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине учурдун талабына ылайык  заманбап натыйжалуу менеджерлик башкаруунун усулдары, ыкмалары, каражаттары менен тааныштыруу жана талкуулоо, жеке иш тажрыйбалары менен бөлүшүү; билим берүү уюмдарына каражат тартуу боюнча долбоор жазууну үйрөнүү, эл аралык PISA программасына, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу.

Окутуунун жүрүшүндө “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары” темасы менен Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү Орозали Сайдилканов, “Кыргыздар үйүн билимкана кылыш керек” мамлекеттик Ноокат Билимканасынын негиздөөчүсү, физика-математика илимдеринин кандидаты Өмүрзак Мамаюсупов,   “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары” темасында КББАнын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айнагуль Ниязова, “Эл аралык PISA программасына жана Билим улуттук программасына даярдануу” боюнча Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева, “Жалпы республикалык тестке даярдануу (ЖРТ)” Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеевалар презентациясын тартуулап, ага карата суроо-жооп, талкуу жүргүзүлөт.

Мындан сырткары катышуучулар 16 топко бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер