БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИННОВАЦИЯЛАР БОЮНЧА УЛУТТУК ФОРУМ
- 06.02.2025
- 0
5-февралда Бишкекте “Билим берүүдөгү инновациялар: иш берүүчүлөр жана бизнес-ассоциациялар формалдуу эмес билим берүүнүн өнүгүшүнүн жана өзгөрүшүнүн кыймылдаткычтары катары” темасында улуттук форум болуп өттү.
Форумдун максаты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги швейцариялык “Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору менен биргеликте формалдуу эмес билим берүү чөйрөсүндө диалог түзүү, тажрыйба алмашуу жана стратегиялык пландоо. Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул да катышып, сөз сүйлөдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эмгек рыногу жумушчу күчтү өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын талап кылат. Формалдуу билим берүү негиз бойдон калат, ал эми формалдуу эмес билим берүү эмгек рыногунун талаптарына тез жооп берип, жумушсуздарды же квалификациясы төмөн кызматкерлерди кыска мөөнөттө окутууга мүмкүндүк берет. Иш берүүчүлөр тарабынан сунушталган заманбап окутуу ыкмалары билимди жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга, эмгек рыногуна багыттоого жардам берет.
Комментарийлер