БЕЙШЕНАЛИЕВ БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

  • 15.12.2020
  • 0

15-декабрга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Баткен облусуна иш сапары пландалган. Бирок “Манас” Эл аралык аэропортунан Баткен шаарына уча турган учак аба шарттарына байланыштуу учпай калды.

Мындан улам, министр Бейшеналиев кесиптештеринен кечирим сурап, Баткен шаарында белгиленген жолугушууну онлайн форматта өткөрдү.

Жолугушууга Баткен облусунун, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жалпы жана жогорку билим берүү уюмдарынын башчылары катышышты.

Жолугушууда мектептерде санитардык эрежелердин сакталышы, кышкы даярдыктар жана башкалар тууралуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары маалымат беришти. Мындан тышкары билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, жаңы китептерди басып чыгуучу жана сапатына жооп берүүчү “Окуу китеби” ишканасы жана башка маселелер талкууланды.

Баткен облусуна болгон иш сапары жана билим берүү кызматкерлери менен жолугушуу кийинки жумага жылдырылды.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер