БЕШ ТАРАПТЫК ЫНТЫМАК — ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

  • 18.03.2024
  • 0

Талас мамлекеттик университетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты «Беш тараптык ынтымак ийгиликтин ачкычы» аттуу Стейхолдерлердин (кызыкдар тараптардын) I форумун  өткөрүштү.

БЕШ ТАРАПТЫК ЫНТЫМАК - ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

 

Маалыматка ылайык, форумга ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору, техн.и.к., доцент А.К.Сурапов, окуу бөлүмүнүн башчысы С.Т.Нукешов, сапат бөлүмүнүн башчысы, п.и.к,, доцент М.М.Шайланова, ТалМУнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын  атынан Ж.Э.Омурканова жана гуманитардык факультетинин деканы,т.и.к, доцент Ж.К.Абдиевалар  катышып, форумдун ишине ийгилик каалашты. Ал эми  иш берүүчүлөр, магистранттардын ата-энелери, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын жалпы окутуучуларынын мыкты кадрларды даярдап жатышкандыктарын баса белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти. Өзгөчө Талас шаарындагы №4 орто мектебинин директору Уулкелсин Алипбаевна  ТалМУнун тарых адистигин бүтүрүп, жумушка орношкон кадрлардын билими жогору экендиги жаңы сабак берип баштаганда эле байкаларын баса белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер