БЕШ ӨЛКӨНҮН БИРИНЧИ АЙЫМДАРЫ КЫРГЫЗ ӨНӨРҮНҮН КЕРЕМЕТИНЕ КҮБӨ БОЛДУ
- 01.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Азербайжан, Кытай, Түркия жана Өзбекстандын биринчи айымдарын тосуп алды. 
Ардактуу коноктор үчүн кыргыз элинин маданиятын, салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган атайын маданий программа уюштурулду. Беш өлкөнүн биринчи айымдары кыргыз элинин элдик декоративдик-колдонмо өнөрүнүн чеберлеринин эмгектери коюлган көргөзмө менен таанышты. 
Көргөзмөдөн кыргыз элинин кылымдарды карыткан кол өнөрчүлүк салтын чагылдырган кийизден жасалган буюмдар, улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон эмгектер, салттуу тиричилик буюмдары жана чеберлердин колунан жаралган башка улуттук буюмдар орун алды. Экспозиция аркылуу коноктор кыргыз элинин бай маданий мурасы, муундан муунга өтүп келе жаткан салттуу чеберчилиги жана улуттук кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүгү менен жакындан таанышты. 
Маданий иш-чара концерттик программа менен коштолду. Чыгармачыл жамааттар жана аткаруучулар кыргыздын музыкалык жана бий өнөрүн тартуулап, улуттук маданияттын көркүн, салт-санаанын байлыгын жана кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүштү. 
Мындай маданий жолугушуу өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө менен катар кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын эл аралык деңгээлде таанытууга дагы бир мүмкүнчүлүк болду.
А.К., «КБ»
Комментарийлер