БЕШ-КҮҢГӨЙ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ ФУТБОЛ СТАДИОНУ КУРУЛАТ

  • 30.03.2024
  • 0

БЕШ-КҮҢГӨЙ АЙЫЛЫНДА  ЖАҢЫ ФУТБОЛ СТАДИОНУ КУРУЛАТ30-мартта Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курула турган жерге күтүүсүз барып, спорт комплексинин долбоору менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Мамлекет башчысы спорт комплекс долбоору менен таанышып, келечектеги чемпиондорду даярдоого, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга шарт түзүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Маалыматта комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, машыгуу аянтчасы жайгаша турганы айтылган. Болочок стадионудун батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, спорт баяндамачылар бөлмөсү жана жыйын залы болот.БЕШ-КҮҢГӨЙ АЙЫЛЫНДА  ЖАҢЫ ФУТБОЛ СТАДИОНУ КУРУЛАТ

Ал эми коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жаңы салына турган футбол стадионуна бөлүнгөн жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар.

Бишкек шаарында  22,5 миң адам бата турган заманбап жаңы футболдук стадиондун курулушу башталары алгач 2022-жылы маалым болгон. Бирок анда стадион Бишкектин кайсы жерине салынары айтылган эмес. Эгемен өлкө болгону мамлекет тарабынан заманбап спорт комплекси курулган эмес.БЕШ-КҮҢГӨЙ АЙЫЛЫНДА  ЖАҢЫ ФУТБОЛ СТАДИОНУ КУРУЛАТ

Бишкек шаарындагы учурдагы  Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук  стадион — эл аралык футбол жана жеңил атлетика мелдештерин өткөрө турган жалгыз жай. Мурда ал Борбордук “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери жана мамлекеттик спорт мекемелери  үчүн жайлар, бөлмөлөр бар.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер