БЕРДИБЕКОВА ГҮЛАЙЫМ ЭРКИНОВНА — НЕКРОЛОГ

  • 09.12.2021
  • 0

Бердибекова Гүлайым 1964-жылы 2-июлда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Озгур айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1983-жылы Ош педагогикалык окуу жайын башталгыч класс мугалими адистиги, 1986-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика факультетин педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы адистиги боюнча аяктаган.

Гүлайым Эркиновна өзүнүн алгачкы эмгек жолун 1986-жылы Кара-Суу районундагы №58 “Ак-Буура” толук эмес орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 1987-1998-жылдар аралыгында №58 “Ак-Буура” толук эмес орто мектебинде башталгыч класс мугалими менен катар мектептин профсоюз уюмунун төрайымы,                 1999-2000-жылдарда аталган мектепте окуу иштери боюнча директордун орун басары, 2000-2007-жылдары мектептин директору болуп эмгектенген. 2009-2014-жылдарда Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда (азыркы Ош билим берүү институту) алгас усулчу, жетектөөчү адис, кадрлар боюнча адис кызматтарын аркалаган.    2015-жылы “Мээрим” балдар билим борборунун “Жаш сүрөтчү” ийриминин жетекчиси болуп иштеп, 2017-2020-жылдар аралыгында кайрадан Ош билим берүү институтунда алгач кадрлар боюнча адис, кийин инновациялык процесстерди уюштуруу боюнча директордун орун басары кызматында эмгектенген. Ошондой эле 2014-жылдан баштап Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук тестирлөө борборунда дагы усулчулук кызматты аркалаган.

Бердибекова Гүлайым Ош билим берүү институтунда иштеген мезгилинде өзүнүн тырышчаактыгы, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу, адамгерчилиги менен жалпы жамаатта кадыр-баркка ээ болгон. Ошондой эле “Ак-Буура” толук эмес орто мектебинде директорлук кызматта иштеген мезгилинде жаны мектептин түптөлүшүнөн баштап толук курулуп бүткөнүнө чейин өзү жетектеп, жигердүү салым кошкондугу үчүн Озгур айылынын жашоочуларынын алкоосуна татыган.

Г.Бердибекованын билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып Ош облусунун мамлекеттик адмиинстрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын,  Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болгон.

Өзүнүн кыска өмүрүндө татыктуу иштеп, кадыр тапкан мыкты адисти жоготуу жамаатка оор кайгы алып келди. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Бердибекова Гүлайым Эркиновнанын жаркын элеси дайыма эмгек жамааттын эсинде сакталып калат.

Ош билим берүү институтунун эмгек жамааты Бердибекова Гүлайым Эркиновнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу бир туугандарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Ош билим берүү институтунун эмгек жамааты

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер