БЕЛГИЛҮҮ САЯСИЙ ИШМЕР ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 29.10.2020
  • 0

 25-28-октябрь күндөрү  Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө жана шаардын бардык мектептеринде «Мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаковго 110 жыл»  деген темада иш-чаралар болуп өттү. 

БЕЛГИЛҮҮ САЯСИЙ ИШМЕР  ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бул иш-чаранын максаты өлкө үчүн өмүрүн арнаган улуу инсандын өмүр баянын, басып өткөн жолун, кыргыз элине өтөгөн опол тоодой кызматын жаш муундарга таанытуу жана аларды улуу инсандын жасаган эмгектерине таасирлентүү эле.

Коомдук ишмердин өлкөнү өнүктүрүүгө арнаган өрнөктүү өмүрүн окуучулар дилбаяндарды жазып, арноо ырларын көркөм окушуп, класс жетекчилер тарабынан онлайн тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Мисалга алсак, Ч.Түлөбердиев атындагы №2 мектептин  кыргыз тили мугалими Жаманкулова Шурукан 11-«б» классынын окуучусу Нурдинова Бегимай «Таза инсан жүрөгүбүздө жашай берет», 6-«а» классынын класс жетекчиси Касымбекова Асмира «Улуу инсан Исхак Раззаковго 110 жыл», 11-«б» классынын класс жетекчиси «Исхак Раззаков тарыхтагы жанган чырак» ж.б. у.с. темада тарбиялык сааттарды өткөрүштү.

БЕЛГИЛҮҮ САЯСИЙ ИШМЕР  ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Ал эми №1 Токтогул атындагы, №3 Фрунзе атындагы, №4 Д.Шопоков атындагы, №5 Хуриев атындагы, №6 Туралы Темиров атындагы мектептер да тарбиялык сааттарды өткөрүп, дилбаян жаздырышты. Ошондой эле балдарды улуулардын даңктуу жолун улай эмгектенүүгө үндөп, элдин ишенимин актаган ак-ниет жаштардын катарын толуктоого чакырышты.

Кара-Көл ШБББнүн маалымат кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер